Бишкектеги финансылык пирамиданын тийгизген кесепети $2 млн. Сот шектүүлөрдү кое береби?
RU

Бишкектеги финансылык пирамиданын тийгизген кесепети $2 млн. Сот шектүүлөрдү кое береби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын үч жараны Бишкекке келип финансы пирамидасын түзүп, $2 миллион акча жасашкан. Бирок, Бишкектин шаардык соту аларды кое берет. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери айтып беришти.

Алардын айтымында, жакында эле күч структураларынын кызматкерлери Т. С. В., Х. Ч. М жана М. Д. Ц. аттуу россиялык жарандарды камакка алышкан. Милициянын маалыматы боюнча, алар Бишкекте Antares Trade деп аталган финансы пирамидасын түзүп, анын жардамы менен $2 миллион акча жасашкан.

Айрым жабыркагандар милицияга келип, камакка алынгандарга ири суммадагы акчалай каражат бергендерин айтып беришти, бирок шектүүлөр акчасын кайтарып берет деп үмүттөнүп, арыз жазуудан баш тартышты.

Тергөөчүлөрдүн божомолдоосу боюнча, Бишкек шаардык соттун судьялары шектүүлөрдөн ири суммадагы акча алган болушу мүмкүн. Ошондуктан бүгүн, 26-июлда соттук коллегия аларды кое берүүнү пландоодо.

"Бир эле арыз жазган келин шылуундарга $35 миң берген экен. Буга окшоп жабыркагандар Ленин РИИБсинде эле ондоп саналат. Бул борбор шаардын башка райондорун эске албаганда", - деп милиция кызматкерлери билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2747