Кримтөбөл Дженгонун айдоочу-жансакчысы ээнбаштык кылгандыгы үчүн камакка алынды
RU

Кримтөбөл Дженгонун айдоочу-жансакчысы ээнбаштык кылгандыгы үчүн камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген "Дженго" каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысын кармашты. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

2021-жылдын 23-июлунда Ош шаарында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ээнбаштыкка шектелген адам

кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.А. кармалган. Ал мурда соттолгон, Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген (положенец) "Дженго" каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.

Белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылдын 10-июлунда Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучунун 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыгын алып кетишкен.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде катталды.

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген, деп ИИМдин билдирүүсүндө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2748