Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ири өлчөмдө жасалма доллар сатуу планын таш капты
RU

Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ири өлчөмдө жасалма доллар сатуу планын таш капты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өзгөчө ири өлчөмдө жасалма доллар сатууну пландашкан, бирок үлгүрбөй калышкан

Ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында жасалма долларларды сатууга бара жаткан уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү - С.С., М.А., жана М.У. колго түшкөн. Кармалгандардын үйлөрү тинтүүгө алынып, жасалма 6800 доллар табылды.

Алдын ала маалымат боюнча, шылуундар "кылмыштуу казынаны" толтуруу үчүн жасалма акчаны сатууну пландашкан.

Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси "Каракчылык" менен Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №26 колониясына камалып чыккан.

Кармалгандардын бардыгы УКМКнын СИЗОсунда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2755