Жапаров Мариповго АКШдан келген атайын программаны колдонууну тапшырды
RU

Жапаров Мариповго АКШдан келген атайын программаны колдонууну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, ошондой эле кыргыз ишкерлерин мамлекеттик деңгээлде колдоо максатында АКШнын Жалпы тутумдук преференция (ЖТС) программасын колдонууну тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Бул программанын алкагында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө АКШга 5 миңге чейин товарларды пошлинасыз экспорттоого уруксат берилген. Бул программа Америка Кошмо Штаттарына Кыргызстанда өндүрүлгөн сейрек кездешкен жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын (кыргыз тоо балы, чычырканак, кара өрүк, жер жаңгак, топоз жана башка жаныбарлар, форель ж.б.) экспорттоого мүмкүндүк берет.

"Учурда кыргыз ишкерлери бул америкалык программанын толук мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу үчүн мамлекеттик деңгээлде бардык шарттарды түзүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барып жатат", - деп билдиришти администрациядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2778