"Золотые пески" аквапаркынын түтүгүнө тыгылып калган жигиттин денесин чыгарышты
RU

"Золотые пески" аквапаркынын түтүгүнө тыгылып калган жигиттин денесин чыгарышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 27-июлда, Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында жайгашкан аквапарктын түтүгүнө 18 жаштагы жигит тыгылып калган. Анын жансыз денесин бир нече сааттан кийин куткаруучулар чыгарышкан.

ӨКМ берген маалымат боюнча, ал көл жээктеги аквапарк үчүн сууну сордурган түтүккө тыгылып калган. Түтүктүн диаметри 50 см. Каза болгон баланы төрт куткаруучу араң чыгарды. Андан тышкары, атайын экскаватордун да жардамы керектелди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2783