Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды
RU

Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 28-июлунда Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Т.К.Р. 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Т.К.Р. жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Тиешелүү далилдердин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, Т.К.Р. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2795