iPhone сатуу шылтоосу менен Кыргызстанда жана Түркидагы адамдарды алдаган аял кармалды
RU

iPhone сатуу шылтоосу менен Кыргызстанда жана Түркидагы адамдарды алдаган аял кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Араван районунун тургуну О.А. Кыргыз Республикасынын жана Түркиянын аймагындагы бир катар алдамчылык аракеттерди жасагандыгын аныкташкан. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы таратты.

Белгилүү болгондой, кармалган 37 жаштагы О.А. айфон үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду сатуу шылтоосу менен жарандардын ишенимине кирип, бирок мобилдик телефондорду алгандан кийин жок болуп кеткен.

Учурда кармалган жаран жазык-процессуалдык кодекстин 98 беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери О.А. башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча иштерин улантууда. Ушуга байланыштуу шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандардан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ТИИБнын Аба транспортундагы ички иштер бөлүмүнүн төмөнкү номерлери боюнча кайрылууну суранбыз: 693535, 0999019102, 0708003619.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2808