Катуу жаан жаап, Бишкектен Ысык-Көлгө караган жолду суу каптады (видео)
RU

Катуу жаан жаап, Бишкектен Ысык-Көлгө караган жолду суу каптады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, нөшөрлөп жааган жаандын айынан жолдорду кыян алып кетип, үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу күбөлөр айтып беришти.

Алар айдоочуларга Тоң району аркылуу Караколго бара турган жол менен жүрбөй эле коюуну сунушташты.

ӨКМ берген маалымат боюнча, Тоң районунда үйлөрдү да суу каптаган.

Дагы бир кишинин айтымында, Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарын да суу каптады.

ӨКМ бүгүн, таңга жуук, болжол менен саат 04:30да, Балыкчы шаарында, Кескен-Бел өтмөгүндө, Кара-Талаа жана Оттук айылндарында нөшөрлөгөн жаан жаап, жолдорду кыян алып кеткен.

Көчөлөрдү кум, шагыл, майда таш басып калып, айрым үйлөрдү суу каптаган. Курмандыктар жок. Ысык-Көл облусунун түндүк жээгиндеги жол ачык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2815