Тажикстандыктар Баткен облусундагы президенттин өкүлүн ташбараңга алышты
RU

Тажикстандыктар Баткен облусундагы президенттин өкүлүн ташбараңга алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасында кыргыз делегациянын машинелери ташбараңга алынды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Баткен облусунун ИИБси билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, 29-июлда президентин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфахан Тулаев, Баткен облусундагы чек-ара айылдарын калыбына келтирүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жетекчиси Алимбек Сабиров Таш-Тумшук айылына курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуу үчүн келишкен.

ИИБ билдиргендей, Таш-Тумшук айылына Ворух анклавы аркылуу өтсө болот. Анын аймагына кирген кыргызстандык чиновниктердин унаасын Тажикстандын жарандары ташбараңга алышкан.

"Окуя болгондон кийин, милиция Исфара-2 РИИБсинин жетекчилери менен жолугуп, алар кыргыз тарапка келтирген зыянды толугу менен калыбына келтирүүнү убада кылышты", - деп ИИМден баса белгилешти.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2824