Депутаттары каникулга чыктык деп Rixos Hall ресторанында чоң той өткөрүштү
RU

Депутаттары каникулга чыктык деп Rixos Hall ресторанында чоң той өткөрүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 30-июлда, Жогорку Кеңештин депутаттары Rixos Hall ресторанына чогулушкан. Алдын ала берилген маалымат боюнча, эл өкүлдөрү сессиянын жыйынтыкталганын жана эс алууга чыкканын майрамдашты.

Kaktus.media журналисти жол боюна жакыныраак токтоп турган депутаттардын машинелерин видеого тартып алды. Андан ары милиция кызматкерлери кирүүгө уруксат берген жок. Бирок, ресторандын алдында 30га чукул джип токтоп турган.

Депутаттардын бири маалыматты тактады. Ресторанда депутаттар эле, чиновниктер жана президент жок экенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2825