Улукбек Марипов салынып жаткан жолдун сапатын текшерди (фото)
RU

Улукбек Марипов салынып жаткан жолдун сапатын текшерди (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Таласка барып, Бишкек-Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышып, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз жолунун абалын текшерди. Мындай маалыматты өкмөттүн администрациясынын маалымат бөлүмү таратты.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 132-141-чакырымдагы тилкесинде курулуш иштери жүрүүдө, 132,5-133-чакырымында асфальт-бетондун биринчи катмарын төшөлүп, эски жол тилкеси тегизделген.

Марипов жол оңдоо иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек-Ош унаа жолун салуу "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча жүргүзүлүүдө жана 2021-жыл үчүн республикалык бюджеттен каржыланат.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун абалы менен таанышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2826