Матраимов мамлекетке өткөрүп берген батирлерде ким жашайт? Видеорепортаж
RU

Матраимов мамлекетке өткөрүп берген батирлерде ким жашайт? Видеорепортаж

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2020-жылдын соңунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райым Матраимов (учурда Ысмайылов) мамлекетке келтирген зыянды толугу менен төлөп берип, 1,4 миллиарды сомду акчалай, 600 миллион сомду соода борбору жана тогуз квартира түрүндө төлөп берди деп маалымдады.

Мурун Матраимовго таандык болгон "Эльдорадо" соода борборунда азыр КТБ ачылган.

Башында Ташиев сегиз батирди УКМКнын кызматкерлерине, ал эми тогузунчу эң чоң батирди балдар үйүнө өткөрүп бермек. Кийин Матраимовдун мүлкү УКМКнын кызматкерлерине берилбейт, анын ордуна, батирлер жана соода борбору Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлөт дешти. Андан кийин кыймылсыз мүлктү аукционго чыгарып сатып, түшкөн каражат республиканын бюджетине багытталмак.

Kaktus.media азыр бул батирлерде кимдер жашап жатканын билүүнү чечти, анткени алар ошо бойдон сатыкка коюлган жок.

КРдин Инвестиция министрлиги билдиргендей, тогуз батир алардын балансында болчу. Анын ичинен жетөөсү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине берилген, ал эми экөөсү УКМКга.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жети батир аларга өткөнүн тастыктады. Анын ичинен экөө дарыгерлерге берилген. Бирок кайсы турак жайлар кимге тапшырылганын айтуудан баш тартышты.

УКМК редакция расмий түрдө кат жөнөтүш керек деп жооп кайтарды.

Kaktus.media журналисти аталган үйлөргө барып, ал жерде кимдер жашап жатканын текшерүүнү чечкен.

Ажыбек Баатыр көчөсүндөгү №1/1 үйдүн №20 батиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов кичүү иниси экөө жашайт экен.

Бишкекте, 7-кичирайондогу №52/3 үйдүн №62-батиринде оңдоп түзөө иштери кызуу жүрүп жатыптыр. Турак жай эки кабаттуу, жалпы аянты 190 кв/метр. Так ушул батирди Ташиев балдар үйүнө өткөрүп берет элем деп айткан. Эске салсак, батир 9 кабатта жайгашкан.

Эшикти усталардын бири ачты, ал ремонт боюнча Алымбек, деген бирөө менен сүйлөшкөнүн айтып, үйдүн ээси ким экенин билбегенин кошумчалады. Ал Авазбек жана Ырыс дегендерге байланышты, бирок алар да үйдүн ээси ким экенин айтуудан баш тартышты.

"Мен заказчиктердин атын атай албайм, бирок алар мамлекеттик кызматкерлер экенин билем", - деп өзүн прорабмын деп тааныштырган киши билдирди. Бирок, батирдин ээлерине журналисттин номерин берип коем, алар силер менен байланышат, деп убада берди.

Батирге коңшу тургандар ремонттун буюртмачысы Жогорку Кеңештин депутаты экенин, аны бир нече жолу көргөнүн айтышты. Тилекке каршы, атын жана фамилиясын эстей албай коюшту.

"Мен ал депутаттын 62-батирде жүргөнүн бир нече жолу көрдүм. Түшүнгөнүмө караганда, ал үйдү сатып алды, жана бул жакта жашоону пландап жатат. Буга чейин эч ким жашачу эмес", - деп кошуналары айтып беришти.

Калган жети батирди да Kaktus.media журналисти текшерген. Ал жерлерде эч ким эшикти ачкан эмес. Белгилей кетсек, батирлердин бардыгы үстүңкү кабаттарда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2829