Айгүл Жапарованын азыр Википедиядагы баракчасы бар
RU

Айгүл Жапарованын азыр Википедиядагы баракчасы бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи айым Айгүл Жапрованын Википедиядагы баракчасы бар.

Айгүл Жапарованын Википедиядагы баракчасында жалпыга маалымдоо каражаттарынан белгилүү маалыматтар, анын интервьюларынан үзүндүлөр камтылган.

Барак 7-июлда Роман Кубанский аттуу колдонуучу тарабынан түзүлгөн. Колдонуучунун www.wikiwand.com баракчасы анын Россиядан экенин жана компьютер оюндарын жана мемдерди жаратууну жакшы көрөрүн көрсөтөт.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда Айгүл Жапарова үчүн расмий баракча жок. Ал тууралуу маалымат ал жетектеген "Үмүт булагы" коомдук уюмунун баракчасында жарыяланып турат.

Википедиянын негизги өзгөчөлүгү - бул каалаган интернет колдонуучу ал боюнча макалаларды түзүп, оңдоп -түзөй алат, андыктан маалыматтын ишенимдүүлүгү жана тактыгы суроолорду жаратат.

Белгилей кетсек, мурунку бардык биринчи айымдардын интернет энциклопедиясында окшош барактары болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2877