Айсулуу Тыныбекова - Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси. Бир упай жетишпей калды
RU

Айсулуу Тыныбекова - Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси. Бир упай жетишпей калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси болду!

Биздин спортчу кыз -келиндер күрөшүндө 62 кг салмакта күч сынашкан. Ал биринчи жеңишти латвиялык Анастасия Григорьеванын, экинчисин - румыниялык Криста Тунде Инченини үстүнөн багындырган. Жарым финалда анын атаандашы украиналык Ирина Коляденко болду.

Биздин спортчу финалда япониялык Юкако Кавай менен беттешти. Бул алардын тарыхындагы биринчи беттеши эмес: 2019-жылы Нур-Султандагы Дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалында Тыныбекова япон кызды тушеге баскан. Ал эми 2020 -жылы Тыныбекова Юкако Кавайга 6: 1 эсебинде утулуп калган.

Бүгүнкү жолугушууда биздин спортчу жапондорго 3:4 эсебинде утулуп, Олимпиада оюндарында экинчи болуп калды! Куттуктайбыз!

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2898