Ысык-Көлдөгү Каухар пансионатынын жанындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
RU

Ысык-Көлдөгү Каухар пансионатынын жанындагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы 100 миллион сомдон ашык турган жер тилкесин мамлекеттик менчикке кайтарып берди.

Прокурордук текшерүүдө 1999-жылдын 31-мартында Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтү Каухар пансионатынын жанында жайгашкан 10 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө Ш.Эге жеке менчикке бергени аныкталган.

Учурда 101 641 000 сомдук жер тилкеси прокурордун жооп актысынын негизинде мамлекеттин балансына алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2917