Эртең Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн Ала-Тоо аянтында салтанаттуу түрдө тосуп алышат
RU

Эртең Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн Ала-Тоо аянтында салтанаттуу түрдө тосуп алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 7 -августта, Кыргызстандын курама командасынын бир бөлүгү Токио Олимпиада оюндарынан учуп келет.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, алар үчүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында салтанаттуу жыйын уюштурулат.

Иш-чара саат 13:00дө башталат.

"Иш-чарага Олимпиада оюндарында өлкөнүн намысын коргогон спортчулар жана машыктыруучулар катышат", - деп билдиришти мамлекеттик агенттиктен.

Ошондой эле кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт болот.

Белгилей кетсек, жалпысынан бул оюндарга Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда. Учурда өлкөнүн казынасында үч медаль бар: эки күмүш жана бир коло. Күмүштү Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов, колону Мээрим Жуманазарова утуп алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2921