Аудиге түшкөндөн кийин Марипов Түптөгү жолду курулуш тизмесине киргизүүнү чечкен
RU

Аудиге түшкөндөн кийин Марипов Түптөгү жолду курулуш тизмесине киргизүүнү чечкен

Все самое интересное в Telegram

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов эски Аудини айдагандан кийин Түп районундагы жолду оңдоо тизмесине киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Түп районунун айылынын тургундары премьер-министр Улукбек Мариповго айылдын коркунучтуу жолдорун көрсөтүп, эски Аудиге отургузушкан.

Ушундан кийин министрлер кабинетинин башчысы фейсбукка: "Мен Түп районунун айылынын тургундары менен жолуктум. Алар көп жылдан бери акча бөлүнбөгөн жолду куруу боюнча көйгөйлүү маселени көтөрүштү", - деп жазган.

Ошону менен бирге, келээрки жылы аны жолдун курулушунун жана реконструкциясынын тиешелүү тизмесине киргизүү маселелери караларын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/2931