Аскар Акаев кыргыз элинен "Кумтөр" үчүн кечирим сурады
RU

Аскар Акаев кыргыз элинен "Кумтөр" үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мурунку Президенти Аскар Акаев кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасады.

"Урматтуу кыргызстандыктар, мекендештерим!

Сиздерге кайрылып, мекенге эмне үчүн кайтып келгенимди түшүндүрө кетейин дедим.

Алыста жүрүп, "Кумтөрдүн" айланасында пайда болгон маселелерди көрүп, өзгөчө 2020-жылдын октябрь айында болуп өткөн окуялардан кийин кабыл алынган чечимдерден кийин, жөн карап тура албадым.

Кыргызстанда мен издөөдө болуп, жоопкерчиликке тартылганыма карабастан, мекениме кайтып келип, "Кумтөр" иши боюнча көрсөтүүлөрдү берүүнү туура көрдүм.

Кыргызстанга кайткан күндөн баштап, мен күн сайын сурактарга барып, тергөөчүлөргө көрсөтүүлөрдү берип жаттым. Мага өтө көп суроолорду беришти жана кылмыш ишине тиркелген документтерди көрсөтүштү.

Кыргызстан эгемендүүлүкө ээ болгондон соң, мамлекет башчысы катары менин алдымда бир нече стратегиялык жактан маанилүү маселелер турган. Анын ичинде улуттук валютаны чыгаруу, улуттук финансылык системаны иштеп чыгуу жана аны ишеничтүү алтын валюталык ресурстар менен камсыздануу бар болчу. Кумтөрдүн алтынын ушундай ресурс боло алмак.

1992-жылдын декабрь айында канадалык "Камеко" корпорациясы менен "Кумтөр" демилгеси боюнча биринчи генералдык макулдашууга кол коюлган. Ошентип, мамлекет үчүн өтө маанилүү долбоор башталган. "Кумтөр" долбоорун жаратып жатканда биз канадалык тарап менен үнөмдүү иш алып барабыз деген чоң үмүтүбүз бар болчу.

Кыргызстан көбүрөөк пайда көрүш керек болчу, бирок натыйжада андай болбой калды.

Генералдык келишимге кол койгон күндөн баштап, Кыргызстан тарабы көптөгөн улуттук кызыкчылыктарга туура келбеген чечимдерди кабыл алган.

Мындай факттардын бири - генералдык келишимге кол койгондо, канадалык "Камеко" корпорациясын салыктардан, анын ичинде жаратылыш ресурстарды колдонуу үчүн салыктардан да толугу менен бошотуу болгон деп эсептейм. Андан тышкары "Кумтөр" долбоор башкаруусун канадалык тарапка тапшыруу болгон. Натыйжада кыргыз тарабы чоң дивиденддерден гана эмес, бюджетке түшүүчү чоң салыктардан кур калган.

Бул бийликтин кылмыш жаңылышы гана эмес, менин да ПРезидент катары кетирген жаңылышым деп эсептейм. Себеби мен "Кумтөр" долбоору боюнча бийликке толугу менен ишенип, Кыргызстандын кызыкчылыктары каралган деп, чечимдерди кабыл алганмын.

Менин эң башкы катам "Камеко" сунган реструктуризация долбооруна макул болуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө уруксат бергеним болгон. Мен Президент болуп, бийлигибизге "Центеррага" Кыргызстандын үлүшү адилеттүү болүнсө гана киргиле деп тапшырма бергенмин.

Менин санаганыма караганда Кыргызстан "Центерранын" кеминде 40% ээ болуш керек эле. Бирок өкмөт канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдөн кийин, Кыргызстан "Центерранын" 33,33% гана ээ боло турган келишимге кол коюп келишкен. Кийинирээк өкмөттүн колунда аларга пайдалуураак келишим варианттарын сунган эл аралык эксперттердин жыйынтыктары бар болгонун билдим.

Мамлекет башчысы катары "Кумтөрдүн" реструктуризациясына уруксат бербешим керек болчу

Бирок ошол маалда өкмөт мындай чечим зарыл экендигине ишендирген.

Урматтуу мекендештерим! Мен чын дилимден кетирген каталарыма кечирим сурайм. "Кумтөр" долбоору боюнча кыргыз элинин ишенимин актай албаганым үчүн. Мен өкмөттү толук контролдобой калганым үчүн канадалык тарап кенди басып алды. Алар чоң пайда көрүп,Кыргызстан үчүн болбогон дивиденттерди жана жыл сайын көбөйүп келген экологиялык маселелерди гана калтырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2935