Мирбек Атабеков Кыргызстандан кеттиби? Соцтармак анын аялынын постун талкуулап жатат
RU

Мирбек Атабеков Кыргызстандан кеттиби? Соцтармак анын аялынын постун талкуулап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 4-январда, Мээрим Төлөпберген өзүнүн Twitter'деги жеке баракчасына жолдошу Мирбек Атабеков экөө өлкөдөн чыгып кеткенин жарыялады.

"Бизди эч ким коркутуп-үркүткөн жок! Биз, менин жеке себептериме байланыштуу кеттик, Мирбек смогтон алысыраак, акыркы 3 жылдан бери, жаңы жылдын алдында же Жаңы жылдан кийин өлкөдөн сырткары чыгып кетүүгө аракет кылчубуз, анткени ошондо гана Мирбектин жөтөлү кетет", - деп Мээрим жазган.

Көпчүлүк күйөрмандары жубайлар биротоло кеткен экен деп, алардын чечимин колдоого алып, ийгилик каалашты. Кайсы жерде жүрүшпөсүн алар ар дайым "Кыргызстандын чыныгы патриоту" бойдон калышат, деп белгилешкен.

Бирок посттун өзүндө жубайлар биротоло кеткендиги тууралуу маалымат жок. Kaktus.media'нын редакциясы Мээрим жана Мирбектин өздөрү менен азырынча байланыша алган жок. Бирок, үй-бүлөгө жакын адамдардын бири алар жазында кайтып келе турганын билдирди.

"Эмнеси болсо да ал ошентип айткан. Чынында билбей да калдым", - деп кошумчалаган.

Белгилей кетсек, жаңылык чыккандан кийин Төлөпберген Kaktus.media'нын Twitter'ден берген суроосуна "Албетте кайтып келебиз!" - деп жооп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/294