Мэрликке талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу Бишкекте башталды
RU

Мэрликке талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу Бишкекте башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштаганын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамда Бишкек шаардык кеңешинин фракциялары, фракциялардын коалициялары жана министрлер кабинетинин төрагасы мэрликке талапкерлерди көрсөтө алышат.

Бул үчүн талапкерди көрсөткөн субъект 20 -августтун кечки саат 18ден кечиктирбестен БТШКга документтердин пакетин тапшырышы керек.

Эске сала кетсек, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерин шайлоо 26 -августка белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2955