УКМК: Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Суюмбаев изделүүдө
RU

УКМК: Атайын кызматтын башчысынын мурунку орун басары Болот Суюмбаев изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын жараны Суюмбаев Болот Тураровичти издеп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ведомствонун мурунку орун басары Б.Суюмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча бир нече жолу суракка алынып, башка тергөө иш-аракеттерине чакырылгандыгы туралуу танылгыс далилдер алынды.

Суюмбаевдин суракка келбей жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-берененсинин 2-бөлүмү (экономикалык кантарбанда) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, ага издөө жарыяланган.

Б.Т.Суюмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМКнин нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефону аркылуу кабар берсеңиз болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/295