Мектептерде билим берүү кадимки режимде болот!
RU

Мектептерде билим берүү кадимки режимде болот!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата республиканын бардык мектептеринде салттуу форматта даярданып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Kaktus.media редакциясына мектептин жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлиги бул багытта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен иштеп жатат, анын адистери коронавирустук инфекция азайып баратканын айтышууда. Кошумчалай кетсек, мугалимдердин дээрлик 70% Саламаттыкты сактоо министрлигинин суранычы боюнча COVID-19га каршы эмделген. Андыктан мектептерде оффлайн режиминде окутууну баштоо пландалууда.

"Аймактарда мугалимдер массалык түрдө эмдөөдөн өтүштү. Кызматкерлери 100% эмделген мектептер жана бала бакчалар бар. Мектептерде оңдоо иштери аяктады, билим берүү тармагынын кызматкерлери медициналык кароодон өтүп жатышат. Азыр министрлик жаңы окуу жылына даярданып жатат, жана августтагы методикалык кеңешме мектептерде оффлайн окутуу боюнча чечим жарыялайт", - деди Абдылдаева.

Ал окуучуларга форма кийүүнүн кажети жок экенин, бирок мектепке таза жана тыкан барышы керек экенин эске салды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2960