Тажик тарап чек ара тилкесинде окопторду көмүп койгон
RU

Тажик тарап чек ара тилкесинде окопторду көмүп койгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажик тарап чек арага жакын аймакта казып баштаган траншеяларды толтурду. Бул тууралуу Баткен облусунун администрациясынан билдиришти.

Буга чейин тажик тарап Максат айылындагы чек ара тилкесине пайдубал кура баштаганы маалымдалган. Ал эми бир нече күн мурун Катта-Туз участкасында траншея казып баштаганы белгилүү болду. Андан кийин Баткен облусунун жетекчилиги чукул жыйын өткөрдү, Тажикстандын Согди облусунун губернатору менен сүйлөшүүлөр жүрдү.

Бүгүн администрация тажик тарап курулуш иштерин токтотуп, траншеяларды толтуруп жатканын билдирди.

Тараптар сүйлөшүүлөрдү улантышат, жакын арада Баткен жана Согди облусунун жетекчилери жолугушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3005