Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстанда мутацияланган коронавирус барбы же жокпу айтты
RU

Саламаттыкты сактоо министри Кыргызстанда мутацияланган коронавирус барбы же жокпу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Kaktus.media'нын редакциясына Кыргызстанда коронавирустун мутацияланган вирусу барбы же жокпу айтып берди.

"Коронавирус бизге узакка келди. Ал мутацияланды. Европадагы адистердин маалыматына ылайык, коронавирустун мутацияланган штаммдары абдан көп. Эгер биз анын бир формасын билип, кантип дарылаш керек, кандай профилактикалык чараларды көрүш керек экенин билсек, Англия, Франция, Германияда кайрадан чек аралар жабылууда. Мутацияланган вирус мурункусуна салыштырмалуу 70%га жугуштуу экен. Бүгүнкү күнгө Кыргызстанга келе элек. Бирок коңшу мамлекеттерде, Россияда катталды. Азыркы тапта ковиддин бул агрессивдүү формасын кантип алдын алсак болот, деп ойлонуп жатабыз", - деп жооп берди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/300