Кыргызстандык жүк ташуучу унааларды Казакстандан чыгарбай жатышат. Себеби белгисиз. Видео
RU

Кыргызстандык жүк ташуучу унааларды Казакстандан чыгарбай жатышат. Себеби белгисиз. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кайрадан Казакстан менен Россиянын чек арасынын Уральск шаарында, "Сырым" өткөрүү пунктунда токтоп турушат. Бул тууралуу Kaktus.media'га Жүк ташуучулар профсоюзунун жетекчисинин орун басары Игорь Голубев билдирди.

Ушул жайда бул биринчи ирет болуп жаткан жок. Айдоочулардын айтымында, Казакстандын бийлиги транзиттик жүктү алып бараткан унааларды негизсиз токтото берет. "Алар документтерин алып, машинелерди унаа токтотуучу жайга токтотуп коюшуптур. Машине өтө көп. Тоскоол болуп жаткан үчүн полицияны да чакыртышыптыр", - деп видеодогу айдоочулардын бири айтып берип жатат.

Голубевдин билдирүүсүнө ылайык, мындай кырдаал ар дайым кайталанып турат. "Тараптар бардык маселелерди талкуулап, чечишип алган болушат, бирок эч кандай өзгөрүү жок", - деп ал баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3027