Америкалык актер Микки Рурк Валентина Шевченкого орус тилинде жазылган пост арнады
RU

Америкалык актер Микки Рурк Валентина Шевченкого орус тилинде жазылган пост арнады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык киноактер, мурунку профессионалдуу боксчу Микки Рурк Instagram аккаунтунда, UFC чемпиону Валентина Шевченкого постун арнап, текстти латын тамгасы менен бирок орус тилинде жазган.

Актер ушунча жылдан бери UFC чемпиону өз ишин мыкты аткарып келгенине рахмат айтып, суктанаарын кошумчалады.

"Сенин техникаң, мушкерлик IQ - бул айтып бүткүс, укмуш нерсе, ушунча жылдан бери ар дайым бир деңгээлде бийиктикте болуу - бул баатырдык. Жеңгенден кийинки бийлегениң да аябай жагат. Атаандаштарыңдын "өпкөсүн үзүп" уланта бер. Мен сага батамды берем. Урматым менен Микки", - деп актер жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/302