Нөөмөттө турган чек арачы өзүн-өзү жарадар кылды
RU

Нөөмөттө турган чек арачы өзүн-өзү жарадар кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын чек ара кызматынын жоокери өзүнө-өзү Калашников автоматынан атып алды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 14-августта, УКМКнын Жалал-Абаддагы башкармасынын №2027 аскер бөлүгүнүн жоокери нөөмөттө туруп, өзүнө-өзү төшүнө ок атып алган.

Жаракаттын айынан дароо госпитализацияланган, абалы оор.

Жоокер 2000 жылы туулган М.Ж.К., куралдуу күчтөр бөлүмүнө Кара-Суу аскер комиссариаты тарабынан чакыртылган.

Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү бул инциденттин орун алганын тастыктады. Алар берген маалыматка ылайык, жоокер өзүнө залал келтирип, кызматтан кетүү аракетин көргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3031