Ысык-Көлдө 18 жашар жигит чөгүп кетти (видео)
RU

Ысык-Көлдө 18 жашар жигит чөгүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Голубой Иссык-Куль" пансионатынын жээгинен 18 жашар жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон жаран Instagram'дагы black_list баракчасына жазган.

"Үч жигит чөгүп жатты, аларга эч ким жардам берген жок. Бардыгы аларды күлүп карап турушту. Жээкте куткаруучулар жок болчу. Бир аздан соң эс алып жаткандар жардам берип, эки жигитти чыгарышкан. Бирок, үчүнчүсүн таппай коюшту. Башка пасионаттын пляжынан куткаруучулар чуркап келип, алар да үчүнчү жигитти таба алышкан жок. Эс алып жаткандар жөн гана карап турушту. Терең жерге сүзүп кирүүгө айрымдары эле макул болуп, 10 мүнөткө чукул издеп атып, араң таап, жигитти сыртка чыгарышты. Тилекке каршы, өтө кеч болуп калган", - деп окуяга күбө болгон киши билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3040