Экзаменди бүтүрүп баа койдуруп берем деген мугалим аныкталды
RU

Экзаменди бүтүрүп баа койдуруп берем деген мугалим аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштеген Динара аттуу жаран экзамендерди бүтүрүп берем деп сый акы алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын 28-июль күнү саат 11:00 чамасында, жождун окутуучусу А.Д., факультеттин деканынын кабылдамасында, студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп баа койдуруп беремин деп, 10500 (он миң беш жүз) сом акчаны мыйзамсыз сый акы кылып алгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.

А.Д.га Жазык Кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди, деп Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3041