Коронавирустун төртүнчү толкуну болобу? - деген суроого Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди
RU

Коронавирустун төртүнчү толкуну болобу? - деген суроого Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин коронавирустун төртүнчү толкуну болобу, деген суроосуна жооп берди.

"Эгер биз калктын 70%ын вакцинациялоого жетишсек, анда төртүнчү толкун болбойт", - деди ал.

Министрдин айтымында, 2022-жылдын 1-январына чейин жогоруда айтылган көрсөткүчкө жетүү пландалууда. Эске салсак, буга чейин министр 1-сентябрга чейин элдин 70%ы эмделет деп убадалаган болчу.

Саламаттык министрликтин билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 38%да коронавируска карата табигый иммунитети иштелип чыккан, ал иммунитет жарым жылга чейин жетет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3043