Улукбек Марипов: Токиодогу Паралимпиадалык оюндарда биздин спортчулар жеңишке жетет
RU

Улукбек Марипов: Токиодогу Паралимпиадалык оюндарда биздин спортчулар жеңишке жетет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Паралимпиадалык курама командасын кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин башчысы спортчуларга ийгиликтүү катышууну жана жаңы жеңиштерди каалады.

"Спорт адамдарды бириктирет, эркти чындайт жана бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Алдыда боло турган Паралимпиадалык оюндарда бүтүндөй кыргыз эли силерди колдойт. Ийгиликтүү катып келгиле", - деп Улукбек Марипов Паралимпиадалык команданын мүчөсү Арыстанбек Базаркуловго Кыргыз Республикасынын желегин тапшырды.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт.

Ата мекендик спортчулардын арасында алдыдагы мелдештерге лицензияларды эки адам утуп алган: пара-жеңил атлетика боюнча (ок атуу) Арыстанбек Базаркулов жана азиз спортчулар арасында пара-дзюдо боюнча 57 килограммга чейинки салмакта Хайитхон Хусан кызы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3045