19-20-августта Чүй жана Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат
RU

19-20-августта Чүй жана Ысык-Көлдө айрым жолдор убактылуу жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 19-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин өкмөттөрүнүн башчыларынын катышуусундагы Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму өкөрүлөт. Бул тууралуу ИИМжин ЖКККББсинин басма соз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыздоо максатында Тамчы айылынан Бостери айылына чейинки, андан сырткары Чолпон-Ата шаары боюнча жолдордо транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алып жарандарыбыз менен коноктор убактылуу киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга, жолдордо тыгындарды жаратпоо үчүн жол эрежелерин жана жолдо жүрүү маданиятын так сактап, унааларды жолдун жээктерине кароосуз калтыруудан алыс болууга чакырабыз, деп ведомоствонун басма сөз кызматы белгиледи.

ИИМдин ЖКККББы убактылуу келтирилип жаткан ынгайсыздыктар үчүн жол кыймылынын катышуучуларынан кечирим сурайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3046