Курал сактоочу бөлмөдө снаряд жарылып, бир жоокер жарадар болду
RU

Курал сактоочу бөлмөдө снаряд жарылып, бир жоокер жарадар болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чек ара отряддарынын биринде аскер кызматкерлери курал сактоочу бөлмөдөн имитациялык снарядды жерге түшүрүп алышкан. Ал жарылып бир жоокер жарадар болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынын кызматкерлери маалымдашты.

Алардын айтымында, 16-августта кечке маал, "Бел" заставасында аскер кызматындагы жоокерлер нөөмөтүн өтөгөндөн кийин курал жарагын тапшырып жатышкан. Ошол учурда жоокерлердин бири имитациялык снаряддарды колунан түшүрүп алып, чакан жардыруу болгон. Натыйжасында, бир киши жарадар болду.

Учурда аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3054