Бишкектеги афгандык качкындар аларга расмий статус берүүнү талап кылышууда
RU

Бишкектеги афгандык качкындар аларга расмий статус берүүнү талап кылышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-августта, Бишкектеги БУУнун имаратынын алдына Афганистандын жарандары чогулуп митинг уюштурушкан. Кыргызстанга 20 жыл мурун келген афгандыктардын башкы талабы - аларга Кыргызстандагы качкындардын расмий статусун берүү же болбосо Канада же АКШга жөнөтүү.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, Кыргызстанга 22 жыл мурун келишкен, бирок өлкө аларды ошо бойдон кабыл албай койду жана качкындар статусун берген жок. "Биз 22 жыл мурун келгенбиз, бизде эч кандай документтерибиз жок, жада калса качкындар статусун ала алган жокпуз. Биздин балдарыбыз бул жерден төрөлүп, чоңоюп калышты", - деди акциянын катышуучусу.

Акция БУУнун имаратынын алдында башталган. Алар эл аралык уюмдун көңүлүн өз көйгөйүнө бургусу келди. Ал эми уландысын АКШ элчилигинин алдында өткөрүү пландалууда.

"Афганистандагы ызы-чуудан улам көпчүлүктү АКШ же Канадага жөнөтүп жатканын угуп калдык. Бизди да ошолордун катарына кошууну каалайбыз", - дейт акцияга келгендердин бири.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3056