Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөтөт
RU

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлигине талапкерлигин көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Урмат Самаев Токмок шаарынын мэрлиги үчун талапкерлигин көрсөтүүгө даяр, кттоодон да өтүп койгон. Бул маалыматты Kaktus.media'га Боршайкомдон тастыкташты.

Эскерте кетсек, бул Самаевдин Токмок шаарын жетектөөгө болгон экинчи аракети.

Мэрди шайлоо 26-авугстка белгиленди.

Буга чейин ушул жылдын 11-июлунда өткөн кайра шайлоо учурунда, шайлоочулар Самаевдин дарегине көптөгөн нааразычылыктарын билдиришкен.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлигин шаардык кеңештин коалициясы көрсөттү. Азырынча Самаевден башка эч ким талапкерлигин көрсөтө элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3060