Тажиктер "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайындагы жер казуу иштерин токтотушту
RU

Тажиктер "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайындагы жер казуу иштерин токтотушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-августта Баткен облусунун, Баткен районундагы Төрт-Көчө деп аталган жерден Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөру жолугушкан. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүму кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, Эки-таш аймагында Кыргызстандын жарандарынын унааларан ташбаранга алуу жана тажик тараптын "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын бет маңдайында жер казуу иштерин жүргүзүү фактылары талкууланды.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөө учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тарабынан кошумча чаралардын комплексин аткаруу чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, эки тараптын укук коргоо органдарына кыргыз жарандарынын унааларына таш ыргытуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүүгө жардам көрсөтүлөт. Чек арачылар эки элдин ортосунда чыр чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн чек ара аймагынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайына жакын жерде тажик тараптын жер казуу иштери да токтотулган.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу деп сыпатталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3064