Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты
RU

Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнөлүк чемпионаттын финалына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калмира Билимбек кызы Уфа шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн күрөшөт. Кыргызстандык балбан-кыз 55 кг салмак категорияда беттешке чыгат.

Финалга чыгуу үчүн Калмира россиялык Анастасия Яндушкинаны 5:0 эсебинде жеңип чыккан. Ал атаандашын көтөрүп чаап, эки далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздады.

Эми финалда биздин кыз Белорусиялык Алеся Гетманова менен күрөшөт.

Жарым финалдык беттешке чейин Калмира Билимбек кызы Монголия жана АКШнин спортчусу менен кармашкан болчу.

Белгилей кетсек, эркин күрөш боюнча кыргызстандыктар чемпионаттагы катышуусун жыйынтыкташты. Курама команданын капчыгында Мухаммад Абдуллаев алып келген коло байге бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3076