Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду жарандарды кыска мөөнөттүү курстарга чакырат
RU

Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду жарандарды кыска мөөнөттүү курстарга чакырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Көндүмдөрдү Өнүктүрүү Фонду (КӨФ) аркылуу кыска мөөнөттүү курстарды уюштурду. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматы маалымдады.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КӨФ) Азия Өнүктүрүү Банкынын эл аралык долбоорунун алкагында 2016-жылдын аягында түзүлгөн.

КӨФ иштеп чыккан механизмдер жана окутуу жол-жоболору сыноодон өткөрүлүп, иш берүүчүлөрү жана билим берүү мекемелери менен өз ара байланыш түзүлдү.

Ушул 4 жылдын ичинде эмне жасалды?

КӨФ аркылуу 22 794 адам окутулган, анын ичинде. Өлкөнүн бардык аймактарында 780 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. Жумуш берүүчүлөр тарабынан курстарга берилген буйрутмалардын үлүшү 55%ды түзсө, 45% жеке абитуриенттер болгон. Курстарга катышуу 97%, жумушка орношуу 75%, аялдардын гендердик курамы 47%ды түздү, деп билдирүүдө жазылган.

КӨФдүн кыска мөөнөттүү курстарына кимдер катыша алат?

КӨФдүн алкагында 16 жаштан 63 жашка чейинки бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн паспорт гана керек. Катталган жерине карабастан (1ден 4,5 айга чейин) курстар уюштурулат.

КӨФ курстарына катышуу үчүн эмне керек, алар кандай өтөт, курстардын баасы канча?

Биринчи кезекте, кесибиңизди жана кайсы аймакта окууну кааласаңыз, ошону чечишиңиз керек. Андан кийин башкы кеңсеге же региондордогу аймактык координаторлорго кайрылып, сизге берилген анкетаны толтуруп, паспортуңуздун көчүрмөсүн жана 1 (бир) сүрөтүңүздү (3x4 см) тапшырышыңыз керек.

Окутуунун наркына - окуу материалдары, сертификаттын наркы (жатакана жана жол чыгымдары төлөнбөйт) кирет. Курстардын баасы адистикке жана курстардын узактыгына жараша 3000-7000 сомго чейин.

КӨФ жөнүндө көбүрөөк маалыматты кайдан алсам болот?

Кошумча маалымат алуу үчүн КӨФ веб-сайтынан жол-жоболору жана функциялары, билим берүү мекемелеринин аймактар боюнча тизмелери, кесиптердин аттары, прейскуранттар, шарттар, КӨФ кызматкерлеринин байланыш маалыматтарды тапсаңыз болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/308