Балбан Калмира Билимбек кызы финалда мыкты беттеш көрсөттү
RU

Балбан Калмира Билимбек кызы финалда мыкты беттеш көрсөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында финалда күмүш медаль тагынды. 55 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен кез келип, жеңишти 7:6 эсебинде алдырып койду. Бул тууралуу sputnik.kg агенттиги жазды.

Бир упай жетпей калганы менен кыргызстандык балбан эң сонун таймаш көрсөткөн.

Билимбек кызы жарым финалда россиялык Анастасия Яндушкинаны уткан болчу.

Мелдеш Башкыртстандын Уфа шаарында өттү.

Белгилей кетсек, Калмира Билимбек кызы 2019-жылы өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатынан да күмүш медалга ээ болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3095