Кыргызстандын волейболчулары Өзбекстанды утуп алды
RU

Кыргызстандын волейболчулары Өзбекстанды утуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор Азия чемпионатында Кыргызстандын эркектер курама командасы Өзбекстанды жеңип алды. Мелдеш ушул күндөрү Ферганада өтүп жатат.

КРдин волейбол федерациясы берген маалыматка ылайык, оюндун башында эле кыргыздар 2:1 эсеби менен алдыга чыгышкан, бирок өзбек командасы эсепти теңдеген. Андан кийин чечүүчү, бешинчи партия башталды.

Матчтын бул бөлүгүндө кыргызстандыктар 15:13 эсеби менен атаандашынан жеңишти сууруп чыгышты. Ошону менен жалпы эсеп - 3:2 болду.

Белгилей кетсек, аймактык чемпионаттын алкагында КРдин курама командасы Казакстанга 2:3 эсебинде утулуп калган, ал эми Тажикстанды 3:0 эсебинде жеңип чыккан болчу.

Группадагы матчтардын жыйынтыгы менен жарым финалдын катышуучулары аныкталат. Жарым финалдык оюндар 21-августта өтөт.

Белгилей кетсек, ушул эле учурда Ферганада кыз-келиндер арасында да мелдеш өтүп жатат. Кыргызстандык кыздар Өзбекстан (0:3) жана Казакстандын (0:3) командаларына утулуп, Тажикстанды 3:0 эсеби менен жеңип, группа ичинде үчүнчү орунду алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3096