Жарабай калган "Спутник V" вакцинасы эсиңердеби? Ошонун ордун толтурушкан жок
RU

Жарабай калган "Спутник V" вакцинасы эсиңердеби? Ошонун ордун толтурушкан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Спутник V" вакцинасы сактала турган муздаткычты өчүрүп салып, 994 доза жараксыз болуп калган. Анын чыгашасы бүгүнкү күнгө чейин төлөнө элек. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова айтып берди.

Анын айтымында, дагы деле тергөө иштери жүрүп, жыйынтыктоочу чечим чыга элек. "Биз да күтүп жатабыз", - деп Иенапысова баса белгиледи.

Эске салсак, 19 -майда, Бишкекте "Спутник V" вакцинасынын 930 дозасы жараксыз болуп, аны эсептен чыгарууга туура келгени белгилүү болгон. Себеби №2 Үй бүлөлүк медицина боюнча бириккен борборунда муздаткыч өчүп калган. Беш адам сөгүш алып, №2 ҮМБ бузулган вакциналардын ордун толтурууга милдеттендирилген болчу.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3097