Президент Тыныбекова, Махмудов жана Жуманазаровага Toyota RAV-4 унаасын тартуу кылды
RU

Президент Тыныбекова, Махмудов жана Жуманазаровага Toyota RAV-4 унаасын тартуу кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Саджыр Жапаров бүгун, 23-августта, Токиодо өткөн Олимп оюндарына катышып, медаль алгандарга сыйлык тапшырды.

Иш чара Кыргызстандын гимни менен башталды.

Жапаров спортчуларды куттуктап, Кыргызстандын намысын ийгиликтүү коргоп келгендиги үчун ыраазычылык билдирди.

"Сиздер багындырган дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтер, сиздер камсыз кылган жеңиш албетте, эчендеген спортчуларыбыздын, миллиондогон мекендештерибиздин жүрөгүн толкундантып, көкүрөктөрүндө оргуштаган сыймыктануу сезимдерин жаратты", - деди президент.

Садыр Жапаровдун айтымында мамлекеттин жалпы максаты - 2024-жылдагы Париж Олимпиада оюндарында биринчи орундарды камсыз кылуу болуп саналат.

Спортчуларыбыз бир алтын гана эмес, бир нече байгелүү орундарды жеңе аларына бекем ишенем. Себеби кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик жана намыска бек уул-кыздардан.

"Мамлекет тарабынан спортчуларыбызга эл аралык спорт майданында ийгиликтерди жаратуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендире алам", - деди Мамлекет башчысы.

Андан кийин Жапаров олимпиаданын күмүш байгелерине татыган Айсулуу Тыныбекованы жана Акжол Махмудовду II даражадагы "Манас" ордени менен сыйлап, 10 миллион сомдук сертификат тапшырды. Ал эми президент жеке өзүнүн атынан спортчуларга Toyota RAV-4 унаасын белекке берди.

Спортчулардын машыктыруучусу Нурбек Изабеков да II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, 8 млн 150 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Олимпиададан коло байге алган Мээрим Жуманазарова II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланып, 7 миллион сом алды. Мээримге да президенттин атынан Toyota RAV-4 унаасы берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3098