Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиадага катышкан трикосун аукционго чыгарды
RU

Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиадага катышкан трикосун аукционго чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токиодо өткөн Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов мелдешке чыккан трикосун аукционго чыгарды.

Анын айтымында, Олимпиаданын алтын байгесин алуу анын бала кезден бери көздөп келе жаткан кыялы. Андан тышкары, өлкөбүздөгү спорттун өнүгүүсүнө салым кошуп, кайрымдуулук менен алектенгиси келет.

"Мекениме кайтып келгенден кийин, элим үчүн соопчулук жасагым елди: мектеп, мечит, жол салып, муктаждарга жардам берип. Бүгүн, кайрымдуулук менен алектенүү кыялымды орундатуу үчүн алгачкы кадамымды жасайын дедим!

Учурда, кыялыма жетүүнүн жалгыз жолу, Олимп оюндарына катышкан трикону аукционго коюу болду. Кааласаңар ага өзүмдүн автографымды да кошо коем", - деп Махмудов Instagram баракчасына жазган.

Түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулук фондуна өткөрүлөт! Токиодогу олимпиада мен үчун алгачкысы болду. Мамлекет берген каражатка үй-бүлөмө үй сатып алууну пландап жатам. Анткени, бир нече жылдан бери Бишкекте батирди ижарага алып жашайм.

"Сураныч, мени колдоп койгула. Жакында кайрымдуулук кылууга башка да мүмкүнчүлүктөрум пайда болот деген үмүттөмүн. Эгер аукциондон Бишкектин тургуну утса, форманы өз колум менен тапшырам", - деп спортчу милдеттенди.

Баштапкы баасы - $50. Аукцион августтун 31де, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00до токтотулат. Өз бааңызды Акжолдун постунун алдына жазсаңыз болот.

Комментарийге $200 - $500гө алам деп жазгандар бар. Арасында бирөө $25 000 деп жазган. Бирок, бул колдонуучу аталган сумманы тамаша ирээтинде жазып койгон өңдөнөт.

Эске салсак, Акжол Махмудов финалда Венгриялык Тамаш Лёринц менен беттешкен. Башында алдыда келаткан Махмудов беттештин экинчи жарымында бир упайга уттуруп жиберди. Ошону менен 2021-жылы Токиодо өткөн олимп оюндарынын күмүш байгесин алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3099