Активист Тилек Куренов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.
RU

Активист Тилек Куренов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-августта Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилек Куреновго карата бүтүм чыгарды. Ал бийликти басып алуу аракетин көргөн, деп айыпталууда.

Белгилей кетсек, Куренов "Бийликти күч колдонуп басып алууга ачык чакыруу", "Массалык башаламандыктарды уюштуруу", "Кол салуу жана шайлоочулардын добушун сатып алуу" беренелери боюнча айыпталууда.

Бишкектин Свердлов райондук соту Куреновду 1 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Эске салсак, Тилек Куренов ушул жылдын март айында камакка алынган. 9-март күнү ал "Ак үйдүн" алдында Конституциянын жаңы редакциясына каршы өткөн митингдин уюштуруучуларынын бири болчу. Ал социалдык тармактарга жазган посттору үчүн соттолуп, бир жарым жылга кесилип кетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3102