Жогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болду
RU

Жогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-августта өзүнүн жыйынында "Республика-Ата Журт" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Авазбек Абдугапаровго Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды.

Ал парламентарийдин мандатын жана төш белгисин Умбеталы Кадыралиевдин "Кыргызалтын" ААК кызматынан кеткендигинин аркасында алган.

Белгилей кетсек, буга чейин, 2012 -жылы Абдугапаров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын реформасы учурунда кадрларды тандоо боюнча нааразычылыгын билдирген. Департаменттин өзү жакында эле жоюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3108