"Золотые пески" пансионатында эс алуучуларга кол салгандар кармалды
RU

"Золотые пески" пансионатында эс алуучуларга кол салгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Золотые пески" пансионатында эс алуучуларга кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Kaktus.mediа'га Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирген.

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жаш жигит кафеден кайтып келе жаткан досторуна белгисиз жигиттер кол салышкан. "Досторумдун бирин алюминий чоор менен урушту. Ал жерге жыгылып, көптөп сабай башташты",- деп билдирген. Бул окуя 21-августтан 22-августка караган түнү болгон.

Милиция кызматкерлери дароо келген. Үч жабырлануучунун экөөсү дооматынан баш тартып, арызды Д. аттуу негизги жабырлануучу жазып, ал КЖБРде катталган. Натыйжада, аларга КРдин Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.

Ал эми департамент берген маалыматка ылайык, кол салгандар жабырлануучулар айткандай 15 эмес, алты ган болгонун белгиледи. Азыр алар камакта. Шектүүлөрдүн баары жергиликтүү тургундар. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3137