Өкмөттүн сайты үч күндөн бери иштебей турат
RU

Өкмөттүн сайты үч күндөн бери иштебей турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КРдин министрлер кабинетинин www.gov.kg деген сайты үч күндөн бери иштебей турат. Сайт стационардык компьютерден да, мобилдик телефондон да ачылбай жатат.

Көйгөйлөр өткөн жумада эле башталган. Бирок бир нече жолу жаңылагандан кийин ачылып жаткан болчу. Ал эми азыр такыр иштебей калды.

Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы Kaktus.media редакциясына берген маалыматына ылайык, учурда кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок себеби эмнеде экенин түшүндүрүп бере алышкан жок.

Бир нече саттан кийин, министрлер кабинетинен сайт дагы деле иштебей турганын маалымдашты.

"Бул сайттын сервери жайгашкан имаратта дем алыш күндөрү электр энергиясынын өчүрүлгөнүнө байланыштуу иштебей калган. Учурда оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жакынкы аралыкта кайра мурункудай эле иштеп баштайт. Келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", - деп министрлер кабинетинен билдиришти.

Бүгүн, 24-августта өкмөттүн сайты дагы деле иштей элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3145