Жолдошева: президент өч алуу айланпасынан чыга албай жатат
RU

Жолдошева: президент өч алуу айланпасынан чыга албай жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева президент Садыр Жапаровго кайрылып, бийликти сындагандарды саясий куугунтук албоого чакырды. Жолдошева мындай пикирин журналист Майраш Базлакунованын Youtube каналына берген маегинде билдирди.

"Ачуу чындыкты көтөрө билиш керек. Мезгилинде Садыр Жапаров дагы айткан. "Баш кесмей бар, тил кесмей жок" деп. Азыр эмнеге чындыкты айтып жатса уккусу келбейт? Эмне үчүн чындык айткандардын баарысын отургузуп же өч алуу айланпасынан чыга албай жатат. Өч алуу айланпасынан чыгышы керек. Бизге окшогон саясатчылардын үнүн уга билиш керек. Элине жакын болуп, элинин көйгөйүн угушу керек", - деди Жолдошева.

Экс-депутат бейкүнөө камалгандар деп саясатчы Жеңиш Молдакматовду мисалга тартты. Жолдошева бийликтин Кумтөр, чек ара маселелери боюнча аракеттерин кескин сындап, мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө келип кетишин элдик толкундоолорго алып келиши мүмкүн деп эскертти. Азырынча президенттик аппарат Жолдошеванын сынына жооп бере элек.

Парламенттин бешинчи чакырылышынын депутат Жылдызкан Жолдошева 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынан талапкер болгон. Ошол кезде камактагы Садыр Жапаровду колдоп келген.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3148