Үй курууга убада берип, 14300 долларга алдап кеткен
RU

Үй курууга убада берип, 14300 долларга алдап кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май районунук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген 35 жаштагы Түркиянын жаранын кармашты.

Колдо болгон маалыматка караганда, жабырлануучу милицияга бир ай мурун кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө 2019-жылдын октябрь айында беш кабаттуу имарат куруу шылтоосу менен "Фыртына Иншаат" ЖЧКсынын директоруна 18 500 доллар бергенин айткан. Бир аз убакыттан кийин компаниянын директору акчанын бир бөлүгүн кайтарып берген, бирок 14 300 долларды кайтарып бербей койгон. Ошол эле учурда көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду.

Бул окуя, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жакында фирманын директору болгон 35 жаштагы түрк жараны кармалды. Учурда шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында. Ал ушундай эле алдамчылыкка шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3154