Жол эрежесин бузган айдоочу видеого тартып жаткан аялды коркуткан.
RU

Жол эрежесин бузган айдоочу видеого тартып жаткан аялды коркуткан.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айдоочу аны видеого тартып жаткан аялга күч көрсөткөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

23-августта Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Макеев айылында бир жигит башка унааларга жол бербей, өзүн жаш балдардын көзүнчө да агрессивдүү алып жүрөт деген билдирүү келген. Ал 25-30 жаштар чамасындагы Toyota Avensis унаасынын айдоочусу экени аныкталды.

Анын орой сөздөрдү сүйлөгөнүн видеого тартып жаткан аялды коркутуп, уюлдук телефонун тартып алууга аракет кылган.

Аталган факт райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, КРдин Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Текшерүү учурунда шектүүнүн өздүгү аныкталып, райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген. Ал 1993-жылы туулган жаран.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3159